Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Кытайдын элчиси менен жолугушту

АКИpress -  Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кытай Эл Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жылдыз Бакашова кытай тарапка Кыргыз Республикасына коронавирус инфекциясына каршы вакцина берүү менен көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бүгүнкү күндө Министрлер к абинети үчүн калкты вакцинациялоо темпин жогорулатуу артыкчылыктуу милдеттердин бири болуп саналат. Кыргыз коомчулугу тараптан Кытайдан «Sinopharm» вакцинасынын гуманитардык жүк катары берилүүсү абдан жакшы кабыл алынды. Кытай тарапка Кыргызстанга акысыз негизде 150 миң доза көлөмүндө вакциналардын экинчи партиясын бөлүү чечими үчүн ыраазычылык билдиргим келет», - деди Жылдыз Бакашова.

Ал Кыргыз Республикасындагы социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кытай өкмөтү тараптан көрсөтүлүп жаткан гранттык көмөктү жогору баалай турганын белгиледи.

«Учурдан пайдалануу менен кытай тарапка Кыргыз Республикасынын экономикасын колдоо үчүн 54 млн АКШ доллары суммасында грант бөлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдиргим келет», - деди Жылдыз Бакашова.

Ошондой эле ал Баткен облусунун чектеш айылдарында жүргүзүлүп жаткан калыбына келтирүү иштери тууралуу маалымат берип, кытай тарапка кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардын кесепетинен жабыркаган калкка көмөк көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал кытай тарапка Баткен облусунун инфраструктурасын жана социалдык объектилерин калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды.

Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын элчиси Ду Дэвэнь кыргыз-кытай кызматташтыгы жогорку деңгээлде турарын, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук мамиле коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаалга карабастан өнүгүп жатканын билдирди. Элчи кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы акыркы окуяларга токтолуп, кытай тарап Министрлер кабинетинин инфраструктуралык же социалдык объектилерин калыбына келтирүүгө тийиштүү жардам көрсөтүү боюнча сунуштарын карап чыгарын белгиледи.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Кытай Эл Республикасына болгон расмий иш сапары жогорку деңгээлде өтүп, жемиштүү болгонун кошумчалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерди дагы талкуулашты.

Источник: Баракелде