Бишкек шаарынын депутаттарын шайлоо жараксыз деп табылды

АКИpress -  Бүгүн, 12-майда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдиргендей, Бишкек шаардык кеңешинде 45 депутаттык мандат бар. 11-апрелдеги шайлоо учурунда 228 шайлоо участкасы ачылып, 25 партия талапкерлерин көрсөткөн. 419 миң 901 шайлоочу катталып, анын ичинен 134 миң 58 адам добуш берген.

Маматов буга чейин имараттан сырткары добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылып, Кыргызстан элдик демократиялык партиясы, «Эмгек» жана «Ак Бата» партиялары шайлоодон четтетилгенин белгиледи.

Источник: Баракелде