Чек ара жаңжалыбы же агрессиябы? эл аралык эксперттердин пикири

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал дагы деле туруксуз болууда. Эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсүнөн кийин ок атышууну токтотуу, чек арага жакын келген аскердик күчтөрдү артка алып кетүү тууралуу макулдашу болгон.

Би-Би-Си бир катар эл аралык эксперттерге кайрылып, мындай жаңжалга эмне себеп болгонун жана абалдан чыгуу жолдору кандай экенин сурады.

Александр Коваленко, украиналык аскердик эксперт

А.Коваленко: Постсоветтик өлкөлөрдүн талаштуу делген чек ара маселелерин Москва өз кызыкчылыгына карап, глобалдуу геосаясий амбицияга салып ойнотуп жатат деген ойдомун. Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы бул жаңжал Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу Дүйшөмбүгө келип кеткенден кийин тутанып жатат. Тажикстандагы тышкы жана ички факторлордон улам, анын ичинде Рахмондун режиминин олку-солку абалы Дүйшөмбүнү ушундай кырдаал жаратууга түртүп жатат. Ал тажик элине эле эмес, анын "алмашкыс" лидерине жана анын кураторлоруна да пайдалуу болууда.

Би-Би-Си: Кыргыз тарап Тажикстан чек арага жакын жерге аскердик техникаларын тартып жатканын айтууда. Дүйшөмбү муну четке какты. Азыркы жаңжалда Тажикстан кандай кызыкчылыкты көздөп жатат деп ойлойсуз?

А.Коваленко: Тынчтык келишимин Тажикстан чек арада аскердик күчүн жана каражаттарын кеңейтүүгө колдонуп жаткан өңдүү. Мындай "келишүү" маневрларын биз 2014-жылы Донбасста, 2020-жылы Тоолуу Карабакта байкаганбыз. Анда да армян тарап "келишимди" согуштук аракеттер болуп жаткан аймакка кошумча күч тартканга пайдаланган. Менимче, конкреттүү бул аймакта конфликт жай мүнөзгө өтүп, бирок анын курчуу белгилери байкалып жатат.

Рамазан Сатар уулу, Казакстандагы Лев Гумилев атындагы Евразия университетинин кызматкери, социология илимдеринин кандидаты

Рамазан Сатар уулу: Биринчиден, Казакстанда бул боюнча эл арасында кызуу талкуу жүргөнүн байкаган жокмун. Менин оюмча көбүнүн жетиштүү маалыматы жок. Кыргызстандын жана Орусиянын маалымат каражаттарынан кыскача маалымат келип жатат. Казакстандын кайсы бир маалымат каражаты ошол жерге барып, жеринен окуяны чагылдырганын көргөн жокпуз. "Фейсбук" сыяктуу коомдук сайттарда бир аз талкуу жүрүп жатат. Жеткен маалыматтардын басымдуу бөлүгү кыргыз агайындарга бурулуп жатат. Эмнеге десеңиз талаштуу аймак кыргыздыкы деп түшүндүм. Аны басып алуу, бөлүп алуу деген кадам агрессордун иш аракети. Бул эл аралык мыйзам менен тескелет. Адамгерчилик жагынан да жакшы иш эмес.

Би-Би-Си: Казак президенти Кыргызстанга көңүл айтты. Кандуу окуяны Казакстандын мамлекеттик телеканалдары кандай чагылдырууда?

Рамазан Сатар уулу: Мамлекеттик телеканалдарда үстүртөн маалымат берилди. Көп маалымат жок. Жаман окуя болду. Кошунаң менен урушуп жашай албайсың да. Ошондуктан бул маселени чечип алса деп ойлойм.

Чынара Эсенгул, эл аралык мамилелер боюнча адис

Чынара Эсенгул: Суу, жер ресурсу эки тарапка тең керек. Тажикстан бул ресурстарга көбүрөөк ээ болгусу келип жатат. Дүйнөлүк практикада деле бул маселе абдан оор талаш болуп саналып келет. Ушул кылымда жашап жаткан соң тынчтык жолу менен чечилсе абдан жакшы болоор эле. Кыргызстан менен Тажикстан ШКУ жана ЖККУ уюмдарына мүчө. Бирок уюмдун жоболорун карай турган болсок, уюмга мүчө эмес, башка бир өлкө уюмга мүчө мамлекттерге кол салса же коркунуч жаратса, террордук уюмдардар коркунуч туудурса уюм кийгилише алат. Уюмдун ичиндеги мамлекеттер бири-бири менен ушундай абалга келе турган болсо кийлигишпейт деп белгиленген. ЖККУну алсак бул жерде уюмдагы негизги таасирлердин бири болгон Орусияга азыркы абал жакшы деген бааны эч убакта алып келбейт. Орусия жаңжалсыз келишимдер үчүн аракетин кылса болмок деген ой. 2010-жылы дагы ушул маселе көтөрүлгөн. Уюмдун жобосун өзгөрттүк деген аракет болгон. Бирок, бул жагынан олуттуу өзгөрүү болгон эмес.

Би-Би-Си: Кыргыз-тажик чек арасындагы курчуп кеткен кырдаалды айрымдар тышкы күч же геосаясаттын таасири деп да баалап жатышат. Бул пикир канчалык негиздүү?

Ч. Эсенгул: Тышкы оюнчулар же геосаясат деген ойлорго жарым-жартылай гана кошулам. Мисалы, Тажикстандын алдын ала даярдык көргөнү болуп жатат. Рахмон Кыргызстандын жаңы бийлигин сынап көрөйүн деген ойго келди окшойт. Анткени кыргыз-өзбек чек арасы такталды деген маалыматтан кийин кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр кандайдыр бир жыйынтык алып келиши керек эле. Андай болбогон соң согуштук жолго өтүп кетти. Дипломатия иштебегени үчүн ушундай болду деген ойдомун. Бирок, бул эн туура эмес жол. Мүмкүн болсо эле сүйлөшүүлөргө кайтуу керек. Аналиткалык жактан карасак Тажикстан биздеги жаңы бийликтин күчүн, позициясын текшергиси келди. экинчи жагынан жарашуга чакырган Өзбекстандын дагы өз кызыкчылыктары болуп жатат. Муну ачык айтуу керек. Өзбекстан менен Тажикстан дагы чек арасын толук кандуу чече элек.

Алмаз Акматалиев, аналитик, Бишкек:

«Бул жөн гана чек арадагы конфликт эмес. Бул коңшу өлкөнүн эгемен Кыргызстандын аймагына атайын даярдалган агрессиясы болду. 31 жайкын тургун өз үйүндө курман болду, анын ичинде 12 жашар Мадина бар! 150 дөн ашык адам жарадар. Кыргызстандын жашоочуларынын жүздөн ашык үйү, башка кыймылсыз мүлкү өрттөлдү. Агрессорлор минометторду, БТР жана согуштук авиацияны колдонду. Карапайым жашоочулар мыкаачылык менен өлтүрүлгөн фактылар үрөй учурат, алардын денелерин үстү-үстүнө үйүп, чуңкурга ыргытышкан...

Мунун баарына далил болчу видео жана фотосүрөттөр бар! Болгон окуя эл аралык коомчулукка так ушундай айтылып жеткирилиши керек. Аскердик агрессия жана Тажикстандын аскери тарабынан карапайым жашоочуларды массалык өлтүрүү деп айтылууга тийиш. Башкача эмес! Ошого жараша эл аралык укукка ылайык жоопкерчилик каралышы керек.

Ырас, бул кайгылуу кагылыш дипломатиялык жол менен чечилиши керек, биздин көп жылдык коңшулук мамилебизди эске алуу менен. Бирок эл аралык укукту эч ким жойгон эмес. Биз дагы, Тажикстан дагы БУУнун мүчөсү, алар коңшу өлкөлөр катары тынчтыкта жанаша жашоого милдеттенме алышкан".

"Тилекке каршы, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдар соңку он жылдыкта кадыресе көрүнүшкө айланды. Чек аралардын делимитация, демаркациясы бүткүчө, өкүнүчтүү, бирок мындай чырлар улана берет. Орусия үчүн ЕАЭБ, ЖККУга кирген эки өлкөнүн чек арасындагы жаңжалдын кереги жок. Орусия бул чыр тынчтык жолу менен жөнгө салынышына кызыкдар.

Бирок бул эки мамлекет кезинде Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун сүйлөшүүлөр үчүн ЖККУ тажрыйбасын жанан мүмкүнчүлүгүн жана орусиялык картографтардын жардамын колдонуу сунушун четке каккан. Бул жаңжал кыргыз-тажик президенттери деңгээлинде жөнгө салынат деген ойдомун".

Источник: Кыргызская служба Би-Би-Си