Кыргыз-тажик тилкесиндеги абал курч бойдон, - УКМК

Баракелде -  Бүгүн, 1-майда саат 15:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал курч бойдон калууда, деп билдирди Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

Расмий маалымат боюнча, кошумча күчтөрдү жана техниканы чек арадан алып кетүү боюнча эки тараптуу келишимдерди бузуу менен коңшу тарап аскерлерин жана оор аскер техникаларын Кыргызстан менен бөлгөн чек ара тилкесине алып чыгууну улантууда.

Баткен облусунун Баткен районундагы Көк-Таш айылынын аймагында тажик тарап мезгил-мезгили менен өтүп бара жаткан унааларды аткылап жатат.

  • Саат 13:35те төраганын биринчи орун басары – УКМКнын Чек ара кызматынын директору, полковник Уларбек Шаршеев Тажикстандын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Тажикстанга жөнөп кетти.

Источник: Баракелде