Акаевдин убагында сатылып кеткен делген Үзөңгү-Кууш боюнча Аскар Акаев үн катты

Мурунку президент Аскар Акаев «Автор ТВга» берген маегинде убагында чуу жараткан Хан-Теңири менен Үзөңгү-Кууш боюнча үн катты.
 
«Кыргыз-кытай чек арасына келсек, бул көйгөйлөр Орусия, Цинь империясынын убагында эле 1870-жылдарда эле талаш чыккан. Муну айта кетишибиз керек. 1960-жылдары чек ара маселеси өтө курчуган. 1969-жылы СССР менен Орусия чек араны такташкан. Ал жерде 25 тартыш жараткан жерлер бар эле. Ошонун 5и Кыргызстандын чек арасы эле. Алардын бири, Хан-Теңири. Бул тоо 3 мамлекеттин чек арасында да. Казакстан, Кыргызстан анан Кытай. Башында Кытай бул тоону толугу менен алабыз дешкен. Анан мен биринчи сүйлөшүүдө эле Кытайдын өкүлүнө бул биздин ыйык тообуз деп айттым. Бул боюнча кылдаат сүйлөшүүбуз керек дедим. Анан Үзөңгү-Кууш калган. Эки татаал тилке болуп калды да. Анан биз СССРден ажыраган мамлекет болгондон кийин чек ара маселелери эс аралык укуктун негизинде чечилет. Эл аралык укук боюнча, эң акыркы документ Косыгин менен Кытайдын өкүлү кол койгон документ боюнча сүйлөшүшүбүз керек. СССР кулады. Кытайдын төрагасы 1993-жылы Шанхайга 5 мамлекетти чогултту. Эл аралык укуктун негизинде чек араны чечели деди. Биз макул болдук. Аны эми бир Акаев чечпейт да. Биз да комиссия түзгөнбүз. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштадык. Ошентип, эл аралык укук боюнча талаш-тартыш тилкени жарым-жартылай бөлүп алышат. Ошондо 10 жыл ичинде чек араны чечтик. 2001-жылы чек ара маселеси бүттү. Орусия, Кытай эки улуу мамлекет катары 50 пайыздан бөлүп алды. Казакстан 40 пайызын, Кыргызстанга Үзөңгү-Кууштун 70 пайызы калган, 30 пайызы Кытайга калган. Ал эми Кытай Хан-Теңирди Кыргызстанга калтырган», - деди ал.

Видео

Источник: kabarlar.org