Атыр Абдрахматова: БШК "факты сурамайга" өтүп алды

Автор: Абдыбек Казиев, корреспондент Би-Би-Си в Бишкеке
BBC. Кыргыз кызматы BBC. Кыргыз кызматы

Бишкекте шаардык кеңешке өткөн шайлоонун талаш-тартышы дале бүтө элек. Шайлоону толугу менен жокко чыгарып, кайрадан шайлоо өткөрүү талаптары айтылууда.

Би-Би-Си Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматовадан 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу сурады.

А.Абдрахматова: Соңку шайлоо өтөт деп жарыялаганда эле тилекке каршы эски ыкмалар менен ыпылас оюндар башталган. 18-мартта эле "эмнеге БШК, прокуратура унчукпай олтурат" деп коомдук сайттагы баракчама жазып чыккан элем. Анда административдик ресурс, шайлоочулардын тизмеси, добуш сатып алуу аракеттери башталганын айттым. Эч кандай реакция болгон эмес. Качан гана президент С.Жапаров көчөт олтургузганы барып, "шайлоо таза өтөт" дегенде гана кыймылдай башташты. Бирок ыпылас оюндарды добуш берүү күнүнө чейин жеткирип коюшту. Коррупция, добуш сатып алуу дегендин баары болду. Бишкекте көчмө урна менен добуш берүү кандай болгонун көрдүңөр. Эл дагы, байкоочулар да абдан көп маалыматтарды жарыялады. Тамак-ашын, азык-түлүк, акчасын таратышты. Квартал башчысы, "домком" дегендер "хан" болуп алышты. Шайлоо күнү болсо Бишкекте активист, байкоочу, журналисттер көп болгондуктан мыйзам бузуулар абдан көп аныкталды. Машинага олтуруп алып акча таратып, аны тартып алгандарды болсо милицияны көзгө илбей телефонун тартып алуулар болду. Албетте, мыйзам бузган партия шайлоодон четтелиши керек. БШК, милиция, прокуратура мыйзам бузуулар тууралуу башында айтылгандан тарта эле аракет кыла баштаса добуш берүү күнү таза өтөт эле. Тилекке каршы алардын аракетсиздигинен добуш берүү ызы-чуу менен коштолду. Мыйзам бузгандар жооп бериши керек болчу. БШКга кайрылсак эле алар "факты бергиле" деп эле элдин кыжырын келтирүүдө. Алар жарыяланган ар бир материалды ыкчам иликтөөгө алышы керек болчу. Бишкекте болсо өттү делген алты партиянын бирин мандат алууда четтетишти. Мындан сырткары дагы эки партиянын аты угулуп жатпады беле? Эмне себептен аларга дагы чара көрүлбөй жатат? Ушунун өзү эле мында кандайдыр бир саясий сүйлөшүү болуп жатабы деген күмөн ойду жаратат. Чындап эле мыйзам бузуу, манипуляция менен 3-4 партиянын аты угулган. Эгер анын баарына бирдей чара көрсө, мыйзамдуулукту калыбына келтиргендей болмок. Бул эмнеси менен маанилүү? Мындайды азыртан токтотпосо Жогорку Кеңешке күзүндө өтчү шайлоо мындан да ыпылас болот. Анан кайра эле тополоң чыгат. Ошол бизге керекпи? Албетте, кереги жок. Элди күнөөлөгөндө эмне? Элде күнөө жок. Эл ачка олтурат, жакырчылык көбөйдү. Эл кандай болсо да маселебизди шайлоодо чечип алалы деди.

Би-Би-Си: Шайлоодо босого чегинен өткөн партиялардын жыйынтыгын жокко чыгарган учурлар буга чейин да болду беле?

А.Абдрахматова: Жаңылбасам 2016-жылы Кара-Балтада болсо керек эле. Абдан ызы-чуу болгон соң, БШК добуш берүү күнүнөн кийин алардын добушун жокко чыгарып, мандат алуудан четтеткенбиз. Анын жыйынтыгы менен прокурор баш болуп дагы бир топ кызмат адамдары жумуштан алынган. Бишкекте дагы ошондой чара көрүлүшү зарыл. Макул эмеспиз деп жаткандар БШКга кайрылып, эгер арыздары канааттандырылбаса андан соң сотко кайрылуусу керек. Эгер ошондо алар барып соттон утуп алса анда саясий сүйлөшүүлөр болуп жатканы анык болуп калат. Негизи бир эле партияны четтетип салбай мыйзам бузган партиянын ар бирине чара көрүлүшү керек.

Источник: Кыргызская служба Би-Би-Си