Тажикстандын президенти Ворух анклавына барды

Обратите внимание на дату публикации.

Баракелде -  Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 9-апрелде иш сапары менен Ворух анклавына барды. Бул тууралуу «Азия-Плюс» басылмасы жазды.

Анклавда президенттин катышуусунда бир нече объекттер ачылат. Алардын ичинде «Улуттук туу» аянты, Маданият ордосунун жаңыланган имараты жана жалпы билим берүүчү мектептин жаңы имараты бар. Ошондой эле калкты тейлөө борбору, тигүүчү цех жана кондитердик цехтин ачылышы күтүлүүдө.

Андан тышкары президент Ворух эли жана активи менен баарлашат.

Буга чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстанга Ворух анклавын Баткен облусундагы башка аймакка алмашууну сунушташканын билдирген.

Ошондон кийин Эмомали Рахмондун Ворух анклавына барары жарыяланган.

Источник: Баракелде