Алмазбек Атамбаевдин эң башкы максаты “Апрель” фондунун казынасын көбөйтүү болгон

Бул тууралуу  экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан жакчысы Канат Сагымбаев жеке фейсбук баракчасы аркылуу билдирди:

“Алмазбек Атамбаевдин эң башкы максаты – экс-президент болгон соң бизнес менен алек болуп, 7-апрелде курман болгондордун жакындарына өзүнүн көзү өтүп кеткенден кийин дагы токтоосуз жардам көрсөтө ала турчу “Апрель” фондунун казынасын көбөйтүү болчу.

7-апрель 2010-жылы үй бүлөөлүк башкарууга каршы чыгып, бийликтин колунан курман болгондордун жаткан жерлери жайлуу болуп, ыймандары саламат болсун!

Кыргызстан стабилдүү, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулуп, мындан ары кан төгүлбөсүн!”-деп жазды ал

Источник: argument.kg