Депутат Тажикстандагы элчинин жашы менен ишине кызыкты

Баракелде -  Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов («Ата Мекен») тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге кайрылып: «Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси ким? Ал кандай иштеп жатат? Канча жашта?», - деп сурады.

Алар Эл аралык иштер боюнча комитеттин 5-апрелдеги жыйынында жолуккан.

Министрдин маалыматы боюнча, элчи Жаныш Рустенбеков 71 жашта.

Ал эми депутат элчи тууралуу жана анын жасаган иши жөнүндө эч нерсе айтылбаганын белгиледи.

«Элчинин орду саясий кызмат болуп эсептелет. Бул эскертүүнү ага жеткиребиз», - деп жооп узатты министр.

  • Ж.Рустенбеков Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси болуп 2018-жылдын декабрында дайындалган.

Источник: Баракелде