Кадамжайдагы кыргыз-өзбек чек арасында «Кайтпас» чек ара пункту ачылды (видео)

Turmush — Бүгүн, 1-апрелде Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүндө Өзбекстан менен бөлгөн чек арада «Кайтпас» чек ара пункту ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев, Өзбекстандын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозаров баш болгон жетекчилер, жергиликтүү тургундар катышты. Иш-чаранын алкагында концерттик программа тартууланды. Жетекчилер бул пункттардын ачылышы эки тараптын карым-катнашын бекемдөөгө салым кошорун айтышты.

Бул жерден Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын документтери текшерилип, мурдагыдай тартипте өтүшөт.

Видео

Видео

Буга чейин, 15-мартта өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы Баткен облусу аркылуу Өзбекстандын Сох анклавына коридор берилет деген маалымат туура эместигин билдирген.

Маалыматка караганда, 11-12-мартта Өзбекстандын Ташкент шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын өлкө башчыларынын расмий жолугушуусу өткөн. Анын жыйынтыгы менен кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына коридор берет деген маалыматтар тараган.

«Өзбекстанга коридор берилет деген сөздөр туура эмес. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында буга чейин пандемияга байланыштуу жабылган Кадамжай районундагы «Кайтпас» көзөмөл өткөрүү жайын кайра ачуу макулдашылган. Аталган жайдан кошуна мамлекеттин жарандары мурдагыдай эле тартип менен документтери текшерилип, катталып өтөт. Өзбекстандын жарандары Кыргызстанга «Кайтпас» өткөрүү жайы аркылуу кирип, Сох районуна чейин Кыргызстандын аймагы аркылуу жүрүп, «Өтүкчү» көзөмөл өткөрүү жайынан кайрадан текшерүү менен Өзбекстандын Сох районуна киришет.

2020-жылдын март айынан бери Өзбекстандын Сох районуна өзбек жарандары бир гана «Кадамжай» автожол көзөмөлдөп өткөрүү жайы аркылуу гана өтүп турушкан. «Кайтпас» өткөрүү жайын ачуу менен «Кадамжай» автожол өткөрүү жайында жарандардын кыймылы жеңилдейт жана Кадамжай шаарынан Чечме айылына чейинки калктуу конуштарды аралап өткөн чоң жолдо автоунаа тыгындары азаят.

Ал эми Сох анклавында аба каттамын ачуу боюнча маселеде Сох районун Өзбекстан менен байланыштырган чакан учактар учат. Мындан улам жарандарды негизсиз тынчсызданып, туура эмес коомдук пикирлерди жаратпоого чакырабыз. Азыркы учурда кыргыз-өзбек мамилесин чыңдоо, эки тараптуу кызматташууну жакшыртуу аракеттери көрүлүп жатат. Алдыда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолугушуп, пандемиядан улам жабылган Лейлек районундагы «Кулунду» жана «Кайрагач» көзөмөл өткөрүү жайын ачуу маселесин да карашат.

Источник: Turmush