Ташиев: Кыргызстан менен Өзбекстан мындан ары бири-бирине жер бербейт

Мындан ары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда бири-бирине жер берүү маселеси каралбайт. Бул тууралуу маалымат жыйыны учурунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

“Азыр эл колдонуп жаткан жерлерде бири-бирине өтүп кеткен тилкелер болушу мүмкүн. Бирок мындан ары Кыргызстан менен Өзбекстан бири-бирине жерлерди жөн гана өткөрүп берип койбойт. Кайтарчу жерлер болсо, эми алмашуу жолу менен гана чечилет. Мисалы, алар бизге Аравандан 31 гектер жер берсе, биз аларга кайсы бир жерден дал ошончо беришибиз зарыл”, — деди УКМК жетекчиси.

Источник: Abal.kg