УКМК Камчы Көлбаевдин бошотулушу боюнча маалымат берди

Автор: Айсалкын Качкынбекова
SUPER.KG SUPER.KG
Обратите внимание на дату публикации.

УКМКнын маалымат кызматы кримтөбөл Камчы Көлбаевдин бошотулушу боюнча маалымат берди.

Маалыматка ылайык, Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасын райондук сот 22-мартка чейин узарткан. Тактап айтканда ал камакта болмок. Бирок анын жактоочусу апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Сот кечээ, 2-мартта карап аны эркиндикке чыгарган.

"2-март күнү Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы жактоочунун жүйөөлөрүн жана иштин учурдагы жагдайларын эске алып, жактоочунун арызы канааттандырылып, Камчы Көлбаевге карата баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Тактап айтканда анын жашаган жери Чолпон-Ата шаары болгондуктан, ал жактан чыкпоо жөнүндө милдеттенме алынып, ал бошотулган. ЖоопкерчиликУКМК жеке көзөмөлүнө болот. Ошол эле учурда, тергөө органы ага көрсөтүлгөн милдеттенмени бузган учурда, ага карата катуу чарасы колдонулары түшүндүрүлдү.

УКМК тарабынан Камчы Көлбаевге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактысы боюнча козголгон дагы бир кылмыш ишинин алкагында келтирилген чыгымдын суммасы 250 миллион сомдон ашык болгон. Шектүүнүн туугандары депозиттик эсепке 49,6 миллион сом которушкан. Калган сумманы Көлбаев 2021-жылдын апрелинин аягына чейин мамлекеттик бюджетке төлөшү керек.

УКМК жогорудагы кылмыш иштер боюнча тергөөнүн жыйынтыктарын коомчулукка маалымдап турат жана кримтөбөл тарабынан туура эмес аракеттер болгон учурда мыйзамда каралган чараларды көрөт", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, крим авторитет Камчы Көлбаев 2020-жылдын 22-октябрында кармалган. Ал 23-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары жүрүп жаткан учурда УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Ага карата "кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кийин 2-ноябрда №47 абакка которулган.
 

Источник: super.kg