Мурдагы мэр Албек Ибраимов кайсы хан сарайда эс алып жатат

Кармаганга келгенди атып салуудан кайра тартпаган мурдагы мэр Албек Ибраимов октябрь төңкөрүшүнөн кийин дайынсыз болуп кеткен. Пандемиядан улам баардык чек аралар жабык болсо алар кантип сыртка чыгып кетти деген сөздөр да жок эмес. Кымгуут учурда Албек менен кошо жүргөн премьер министр Сапар Исаковду анын тарапташтары Садыр Жапаровдун айланасында жүргөн адамдар жок кылып коюшту деп күнөөлөп да ийишкен. Арадан эки ай өтпөй Сапар Исаков социалдык тармактардан чыга калып, өзүнүн пикирин жазып ак экенин далилдөөгө ак эткенден так этип жатат. Ал эми анын жанында жашырынып жаткан Албек мырза качан булуттан чыккан айга окшоп мен мындамын өлкөдөн ашыкча бир сом алган эмесмин деп чыга калат болду экен. Имиштерге караганда Албек буга чейин кызмат абалынан пайдаланып, миллиондорду сол чөнтөккө солоп, башкалардай эле чет өлкөдөн заңгыраган ак сарай алып койгон. Азыр ошол жеринде бейкапар эс алып, Кыргызстандагы абалга сырттан көз салып жаткан убагы экен.

Источник: argument.kg