Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов иниси Бажы кызматынын мурунку орун басары Раим Матраимов менен байланыша албай жатканын ошондой эле анын ден соолугуна кабатыр болгонун билдирди.
— Учурда мен Оштомун — дейт Искендер Матраимов — Бүгункү күндө иним менен эч кандай байланыша албай жатам. Иним тууралуу баардык маалыматтарды ММклар аркылуу алуудамын. Раимдин жактоочусу менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Ал жыйналышы болгондугуна байланыштуу Раимге жолуга элегин кабарлады. Албетте инимдин ден соолугу мени кабатыр кылууда, бирок иним жаш бала эмес ал өзүн өзү коргой алат. Буга чейин Раим Матраимовдун кан басымы көтөрулүп кеткенине байланыштуу ооруканага жаткырылганы маалым болгон.
Искендер Матраимов: “Раим менен байланышууга мүмкүнчүлүк бербей жатышат”
![]() |
26 февраля 2021
Версия для печатиОбратите внимание на дату публикации.
Источник: argument.kg