Атамабаевдин ашмалтай саясаты, Кыргызстандын олчойгон карызы

25 февраля 2021
Версия для печати

Акыркы убакта Кыргызстандын тышкы карызы ар бир жарандын жүрөгүн өйүп турган көйгөйгө айланды. Ойлонбой коюууга да мүмкүн эмес. А түгүл президент Садыр Жапаров да сырткы карызыбызды өз учурунда төлөбөсөк, бир нече ири объектилер Кытайдын карамагына өтүп кетүү коркунучу бар экенин айтты.
Бүгүнкү күнү Кыргызстан күн чыгыш өлкөсүнө 2 миллиард 87,6 миллион доллар карыз. Бул сумма Атамбаевдин кезинде кредит катары, Кыргызстан үчүн пайдасыз үстөк пайыз менен алынган.
АША алды артын карабай эле, өлкөнү сазга тыгып, кекиртектен карыз кылып кетти.
Элибиз абдан ишенчээк. АШАнын сөзүнө ишенип «кой үстүнө торгой жумурткалаган» заманды күткөн. Мамлекетти карыздын сормо сазына батырган ал долбоорлорду убагында абдан катуу пиар кылып, элдин кулагына куюшкан. Жыйынтыгында, эл көксөгөн жыргал заман АШАнын өзүнө жана жанындагы «ат кошчуларына» эле келди. Алар 600 доллардан кычкач «сатып алышып», 1200 еврого жыгач ат «минип», жакшы эле тайраңдашты.
Мына эми убакыттын өтүшү менен АША мактанган ири долбоорлордун ашмалтайы чыгып, ар бир долбоору боюнча бирден кылмыш иши ачылууда. Башкасын айтпаган күндө да ТЭЦ боюнча эле мамлекетке 5 миллиард 439 миң сом зыян келгенин тергөө органдары аныктап чыкты (бул мамлекетибиздин ички дүң продуктусунун (ВВП) 5 пайызы). Албетте бул кыргыз экономикасын майыштыра тургандай эле оор жүк.
АШАнын чалган ашмалтайы эми минтип бүткүл өлкөнүн «баш оорусуна» айланып турган учуру. Каржы министрлиги болсо, Кытай менен болгон келишимде, «кыргыз тарап карызын өз учурунда төлөбөсө, анда баардык сумманы талап кылууга акысы бар»- деп жазылганын моюндады. Кудайга шүгүр, мамлекет башындагылардын баары эле атамбаевчелик өз мамлекетине кас эмес. Кыргыз өкмөтү карызды өз убагында төлөп жатканын маалымдап, элди тынчытууда. Евроазия өнүктүрүү банкы да Кыргыз Республикасынын карыздан кутулуу позициясы акыркы үч жылда сезилээрлик жакшырганын маалымдады. Бул — акыркы үч жылдын аралыгында өлкө жетекчилиги кредиттик саясатты өзгөртүп, экономикага үстөк пайызы арбын кредит эмес, гранттык негизде каржылык колдоо тартып, көбүнэсе ички мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып келгендигинин далили.

Источник: kazat.org