Баракелде - Биринчи май райондук соту кримавторитет Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартты.
Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы бүгүн, 24-февралда АКИpress агенттигине билдиргендей, Көлбаев 22-мартка чейин №47 түзөтүү колониясында камакта калтырылды.
Мындай чечим 17-февралда чыккан.
Көлбаев 2020-жылы 22-октябрда Бишкек шаарында кармалган. Ал алгач УКМКнын абагына камакка алынып, кийинчерээк №47 түзөтүү колониясына которулган.
Көлбаев УКМК тарабынан Жазык кодексинин 249-беренесиндеги (Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу) кылмышка шектелип кармалган.