17-февралда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жаңы Конституциянын долбоору боюнча суроолорду конституциялык кеңешменин мүчөлөрү менен талкуулап жатат.
Талкууда сөз сүйлөгөн депутат Айнура Осмонова жаңы Баш мыйзамдын долбоорунда адамдын кадыр-баркына шек келтирген сөздөрдү таратып, каралагандарга жаза каралбай калганын сындады:
"Ар бир адам айткан сөзүнө жоопкерчиликтүү болушу керек. Жаманбы, жакшыбы, бардык нерсе айтылганда анын чын экенин бышыктап, толук милдетин алып, ошого керт башым менен жооп берем дегенди үйрөнүшүбүз керек. Ал эми жаңы долбоордо "эч ким кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген маалыматты таркатууда кылмыш жообуна тартылбайт" деп турат. Конституцияда жазылып турат деп эртең эмне болуп кетебиз анда?".
Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү бул нормалар Жазык жана Жарандык кодекстерде каралганын айтышып, Баш мыйзамдын жаңы долбооруна сөз эркиндигине байланыштуу нормалар эл аралык конвенциялардын негизинде киргенин жүйө келтиришти.