Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу үчүн 10 партия арыз берди

17 февраля 2021
Версия для печати

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу үчүн 10 партия арыз берди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.

Катталган партиялардын тизмеси:

  1. “Жашыл Кыргызстан партиясы”;
  2. “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы;
  3. “Ата-Мекен”;
  4. “Легалайз”;
  5. “Эмгек”
  6. “Бүтүн Кыргызстан”;
  7. “Улуу-Журт”;
  8. “Социал-Демократтар”;
  9. “Патриот”;
  10. “Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы”.

Эскерте кетсек, жергиликтүү шаардык кеңешке шайлоо 11-апрелде өтөт.

Источник: nazarnews.kg