ПРЕЗИДЕНТТИН БАСМА СӨЗ-КАТЧЫСЫ ГАЛИНА БАЙТЕРЕК БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИНИН М.А. БОЮНЧА ТҮЗҮЛГӨН КЫРДААЛГА КОММЕНТАРИЙ БЕРДИ

10 февраля 2021
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз-катчысы Галина Байтерек Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиев боюнча тузүлгөн кырдаалга комментарий берди.

«Коомчулуктун пикирин жана социалдык тармактардагы мамлекеттик кызматкердин беделине көлөкө түшүргөн ар кандай материалдардын жайылып жатканын эске алып, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров социалдык тармактардагы жеке баракчасында борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучуга байланыштуу маселеге пикирин билдирди. Ошону менен бирге кадрдык акыркы чечимди өлкөнүн Премьер-министри кабыл аларын белгилейбиз», — деп билдирди Галина Байтерек.

Источник: Кyrgyztoday