Мүлк фондунун төрагасы кызматтан кетти

Автор: Айпери Кыдырали кызы
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов кызматтан өз каалоосу менен кетүүгө арыз жазды. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы билдирди.

Жыйында Жылдызбек Исакулов кызматкерлерге колдоосу жана биргелешкен иштери үчүн ыраазычылык билдирип, фонд мамлекеттик мүлктүн сакталышы жана сарамжалдуу пайдаланылышы үчүн жооптуу экендигин белгиледи.

«Бир жарым жыл ичинде биздин фонддун иши ачык-айкын болуп, бюджеттик планды аткаруунун негизги милдетин аткардык. Ошол себептүү мындан ары да ак ниеттик менен ишти улантуу керек», — деген Исакулов.

Жылдызбек Исакулов Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп, 2019-жылы август айында дайындалган.

 

Источник: maralfm.kg