Саясаттан алыс, экономикага жакын. Марипов өзүн сыпаттады

Жогорку Кеңеш бүгүн, 3-февралда өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповдун талапкерлигин карап жатышат. Марипов депутаттарды программасы жана жаңы министрлер кабинетинин курамы менен тааныштырды. 

Ошондой эле, ал саясаттан алыс экенин кошумчалады. 

"Мен бир да партиянын катарында эмесмин. Ошондуктан жаңы өкмөт саясат менен алектенбейт. Биз экономиканы көтөрүү жана социалдык тармакты өнүктүрүү аракеттерин гана жасайбыз. Кудай буйруса, эгер мени колдоого алсаңар, бардык күчүмдү ишке жумшайм. Силерди уят кылбайм. Саясий амбициям жок, жаңы курам бир гана экономикага көңүл бурат", - деди ал. 

Источник: SAYASAT.kg