Баш мыйзамдын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталат

Баш мыйзамдын жаңы долбоору жакынкы күндөрү Жогорку Кеңештин кароосуна келери айтылып жатат. Ал тапта байкоочулар акыркы варианттын мазмуну коомго көрсөтүлгөн жок деп сынга алууда.

Добуш берүүдө элдин басымдуусу президенттик башкарууну тандады. Эми Баш мыйзамды өзгөртүлмөкчү. Жогорку Кеңештин төрага орун басары Мирлан Бакиров парламент бул жараяндарды батыраак ишке ашырып бериш керек деди. Демек, парламенттик шайлоо кийин өтүп, конституциялык реформа эски парламент менен ишке ашуусу мүмкүн.

Ал тапта байкоочулар дээрлик даяр болгону кабарланган Баш мыйзамдын жаңы варианты коомго жарыяланбаганын сынга алууда.

"Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү алардын жумушу ачык экенин, ар бир киши долбоорду көрө аларын тынбай айтып келишкен. Алардын акыркы варианты кайда? Эмне үчүн жарыялабай жатышат? Баары сөз жүзүндө. Менин юрист тааныштарымын эч бири алар кандай документ даярдаганын дегеле көргөн жок", - дейт юрист Сания Токтогазиева.

Конституциялык Кеңешме Баш мыйзамдын долбоорунун үстүнөн ноябрдан бери иштеп жатат. Ал келерки аптада Жогорку Кеңешке түшөт деген маалымат бар экенин төрага орун басары Мирлан Бакиров билдирди. Ал Баш мыйзам өзгөрүп, кайрадан бийлик бутактарын түптөө күзгө чейин созулат деген божомолун айтты.

"Конституциялык реформа эки-үч айда өтөт деген маалыматтар бар. Бирок баарын эки-үч айда бүтүрүү оор деп ойлойм. Биринчи Баш мыйзам өзгөрүп, андан кийин конституциялык мыйзамдар өзгөрүш керек. Ал парламентти шайлоо мыйзамдары. Андан кийин парламенттик шайлоо өтүш керек, айтылып жаткан сунуштарга ылайык, депутаттардын саны кыскарат. Жаңы парламент келгенден кийин узак мөөнөттүү, жаңы өкмөт куралат. Мунун баары сентябрь-октябрь айларына чейин барат болуш керек", - деди Бакиров.

Конституциялык кеңешменин адам укуктары боюнча секциясынын башчысы Нурлан Шерипов билдиргендей, жаңы вариант азыр лингвисттердин кароосунда.

"Биз иштеп бүтүп калдык. Андан кийин жалпы жыйында каралат, анан Жогорку Кеңешке кетет. Азыр лингвистикалык жана укуктук анализ жүргүзүлүп жатат. Мурунку вариантынан канча пайыз өзгөргөнүн чыгарган жокпуз, бирок бир топ эле жакшы өзгөрүүлөр болду деп ойлойбуз", - деди Шерипов.

Кеңешменин дагы бир секция башчысы Урмат Аманалиев долбоор эч жака жарыяланбаганын бышыктады.

Ал тапта Баш мыйзамга моралдык, каада-салт нормалары аралашып калганы тууралуу кайрадан талкуулар жаралып жатат. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Конституция укуктук документ экенин унутпашыбыз керек деди.

"Конституциянын долбоорунда укуктук, моралдык, каада-салт нормалары аралашып калыптыр, - дейт Молдалиев. - Эгер өзгөртүлбөсө мындай түзүлүштөгү Баш мыйзам укуктук боло албайт. Конституция - бул, укуктук документ. Башка мыйзамдар Конституцияга таянып жазылат, моралдык принциптерге таянып мыйзам жазылбайт. Салт, элдин ой-пикири өнүгүп отуруп укук болгон. Анда артты көздөй кетип калганга туура келет. Кеңешмеге мыйзамдын принцибин жазганды билбегендер көп аралашып кеткенинен ушундай болуп жатса керек. Алар архаизмдин түшүнүктөрүнө чейин кетип калып жатпайбы".

Президенттик шайлоодо алдыда келген Садыр Жапаров парламенттик башкаруу учурунда партия лидерлери депутаттын кызмат ордун соодалап, шайлоо бизнеске айланганын айткан. Ал элдин талабы да президенттик башкаруу экенин билдирип келет. Акыркы маалымат жыйынында конституциялык реформа болжолдуу эки айда ишке ашып калаарын айтты. Ошол эле маалда жаңы башкаруу орногондон кийин бийлик балансы сакталарын кошумчалады.

"Бир эле президентке баардык бийлик берилбейт. Парламентке дагы бийлик берилет. Тең салмактуулук болуп туруш үчүн экөөнө бирдей болот. Андан сырткары конституциялык долбоордо Курултай системасын дагы киргизип жатышат. Ал бийликке өзүнүн сунуштарын берип турат. Парламент менен президенттин ортосунда тең салмактуулук сакталат", - деди Жапаров.

Азыркы Баш мыйзам 2010-жылы кабыл алынып, 2016-жылы референдумда өзгөртүлгөн. Октябрдагы митингдерден кийин алмашкан жаңы бийлик Баш мыйзамды жаңылоо ниетин айткан. Жаңы долбоору 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарылды. Аны 80 депутат даярдаганы айтылды. Кийин Конституциялык кеңешме түзүлүп, 20-ноябрдан тарта талкуулап, даярдап келди. Анын мүчөлөрү жаңы вариант Жогорку Кеңештин сайтына ноябрда коюлган текстке караганда кыйла өзгөргөнүн айтууда.

Источник: Кыргызская служба Би-Би-Си