"Атамбаевге операция жасалышы керекпи же жокпу дарыгерлер аныктайт". Жактоочу Атамбаевдин ден соолугунун абалы тууралуу айтып берди

Автор: Жылдыз Джускембаева
SUPER.KG SUPER.KG

Жактоочу Замир Жоошев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугунун абалы тууралуу айтып берди. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

Айрым маалымат каражаттары Атамбаевге операция жасалышы керектигин жазып чыгышты.

Жактоочу Замир Жоошев Алмазбек Атамбаевге операция жасалышы керекпи же жокпу дарыгерлер аныктай турганын белгиледи. "Атамбаевдин омурткасы жана жүрөгү ооруйт. Башкы оорусу омурткасындагы грыжасы. Ошонун айынан отура албай жатат. Операция жасоону Атамбаев өзү каалабайт. Биринчи жакшылап дарыланып көрүш керек. Дарыгерлер операцияны чет өлкөдө жасай турганын айтышкан", - деди ал.
 

Источник: super.kg