Садыр Жапаров: «Азапка салса да, Алмазбек Атамбаевди кечирдим»

Мени абакка камап, азапка салган саясатчыларды, анын башында  турган Алмазбек Атамбаевди кечирдим. Бул тууралуу президенттикке талапкер Садыр Жапаров Супер Тв ютуб каналына берген маегинде билдирди.

Жапаров абакта жатканда деле аны камагандарды кечиргенин айтты.

«Мени абакка камаганга башкы себепчи Алмазбек Атамбаев болгон. Мен мурдагы интервьюларымда деле кечиргенимди айткам. Кудай кечиримдүүлүк тарабында болом деген. Ошондуктан мен кечирдим. Бардык нерсе кудайдын буюругунан болот» -деди Жапаров.

Садыр Жапаров мындан ары өч алуу максатында оппоненттеринин артынан түшпөстүгүн кошумчалады.

«Бул нерсени терең ойлонуп, чечим кабыл алышыбыз керек. Пендечилик кылып өч алам дегенибиз туура эмес. Бул тагдыр. Адамдар себепчи гана болот», – деди Садыр Жапаров.

Эске салсак, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январында өтөт. Президенттикке 17 талапкер катышууда. Садыр Жапаров жарышта көзгө урунган талапкерлердин бири болуп турат.

Источник: argument.kg