Али Токтакунов: Матраимов уурдаганынын бир күкүмүн эмес, толук кайтарсын! (ВИДЕО)

25 декабря 2020
Версия для печати

Матраимов уурдаганынын бир күкүмүн эмес, толук кайтарсын! Мындай пикирин "Азаттык" үналгысынын журналисти Али Токтакунов өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди. 

"Нан кимдики?! 5 жашар бөбөктүкү, 15 жаштагы уландыкы, 55теги эженики, 85теги карыяныкы. Меники, сиздики, элдики. Элдин бүтүн нанын уурдагандар күкүмүн кайтарып жазадан кутулбашы керек! Биз буга жол бербейли!",- деген билдирүү калтырган.

Эске салсак, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов акчаны накталай жана мүлк түрүндо төлөп бүткөнүн билдирген.

Видео

Источник: media-center.kg