Президенттин басма сөз катчысы Мамытов менен Матраимовдун байланышы тууралуу иликтөөгө жооп берди

15 декабря 2020
Версия для печати

Баракелде -  Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Талант Мамытов менен Райымбек Матраимовдун байланышы жөнүндө журналисттик иликтөөгө жооп берди.

Болот Темиров жана Али Токтакунов журналисттик иликтөө жүргүзүп, Талант Мамытов депутат болуп турган кезинде өлкөдөн чыгарылган 700 млн доллар жана Саймаити тууралуу маалыматтарды иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы болгонун, анын алкагында Талант Мамытов комиссиянын бир дагы жыйынын калтырбаганын, комиссиянын корутундусунда Райымбек Матраимовдун ысымы бир дагы жолу аталбаганын билдиришти. Журналисттердин айтымында, ошол учурда Мамытовдун консультанты Райымбек Матраимовдун аялынын иниси Тынчтык Сулайманов болгон.

Учурда Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы жана президенттин миледтин аткаруучу кызматтарын ээлейт.

Галина Байтерек Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтеген депутаттык комиссия 2019-жылы 21-ноябрда түзүлгөнүн белгиледи.

«Аталган комиссиянын курамына бардык парламенттик фракциялардын өкүлдөрү кирген жана аны Талант Мамытов жетектесин деген чечим чыккан. Депутаттык комиссиянын төрагасы катары ал ар бир жыйынга катышууга милдеттүү болчу, ошондуктан комиссиянын башка мүчөлөрүнө салыштырмалуу Мамытов бир дагы жолу жыйынды калтырган эмес деген билдирүүнү белгилүү бир чечимди чыгарууга кызыктар болгон деп атоого болбойт», - деди Галина Байтерек.

Анын айтымында, Тынчтык Сулайманов Талант Мамытовдун консультанты болуп 2019-жылдын май айына чейин иштеген.

«Сулаймановдун Матраимовдор менен тууган экени аныкталгандан кийин кызматынан бошотулган. Саймаити боюнча депутаттык комиссия иштеп жатканда Сулайманов Мамытовдун консультанты эмес болчу жана комиссиянын ишине таасир эте алмак эмес», - деди Галина Байтерек.

Источник: Баракелде