Текебаев: "Ата Мекен" өзүнүн идеясы үчүн иштеп жатат

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев партия өзүнүн идеясы, парламенттик система үчүн гана иштеп жатканын айтты. Саясатчы бул тууралуу "Азаттыктагы" маегинде айтып, жакында президенттик шайлоого катышарын жарыялап, кайра андан баш тарткан партия мүчөсү Садык Шер Ниязды партия сүрөп чыкпаганын кошумчалады:

"Садык Шер Нияз парламенттик башкаруу системасын колдоп, президенттик шайлоого катышууну өзү демилгелеп чыкты. Биз анын оюн колдодук. Кийинчерээк Садыр Жапаров менен жолугушуп, шайлоого катышуудан баш тартканын билдирди. Бул анын тандоосу, партиянын эмес".

Өмүрбек Текебаев октябрь окуяларынан кийин бийликти колуна алган Садыр Жапаров менен бир нече жолу жолукканын ырастады. Ал Жапаров менен сүйлөшүүлөр учурунда "эски бийлик системасын алып келбесеңер колдойм" деп айтканын эскертти.

"Ата Мекен" партиясынын лидери азыркы сунушталып жаткан Баш мыйзамга каршы экенин белгилеп, бул Баш мыйзам мурдагы кызматынан куулган президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев өзгөрткөн Конституциясынан ашып түшөт деп билдирди.

"Бул жол бизди отуз жылга артка алып баратат. Мен бул оюмдан эч качан кайтпайм", - деди Өмүрбек Текебаев.

Источник: Азаттык уналгысы