Мелис Аспеков: «Садыр Жапаров президент болсо, сөзсүз кызматка келем»

Жаш саясатчы, активист Мелис Аспеков Eldik.media интернет пораталына маек берген.
Маектин жүрүшүндө Мелис Аспеков, азыр эмнеге кызматка келбей жатканын, жана алдыда дагы кызматка келейин деген оюу бар экенин айтып өткөн.

“Мен азыр кызмат сурап, ага умтулган жокмун. Мен жеке эки айлык кызматка жан үрөгөн жокмун. Мен президенттик шайлоодо координатор болом. Кудайым буйруп Садыр Жапаров шайлоодон утуп, ажо болсо, ошондо мен бир кызматка келүүгө аракет кылам. Негизинен менин кесибим экономист, ошол тармакта кызмат өтөөгө аракет кылам”- деп билдирген Аспеков.

Источник: argument.kg