"30 жыл артка кайтуу": Эмнеге Жапаров Конституцияны өзгөртүүдө?

Автор: Наргиза Рыскулова, Би-Би-Си, Бишкек
BBC. Кыргыз кызматы BBC. Кыргыз кызматы

Кыргызстанда президенттик шайлоо менен Конституцияны өзгөртүүнү бир эле күндө өткөрүү сунушталды. Конституцияны өзгөртүүнү октябрдагы толкундоолордун арты менен келген Садыр Жапаров демилгелеп, Кыргызстанда парламентаризм иштебей жатканын жүйө тарткан. Бирок коомчулукта бийликти узурпациялоого аракет кылып, өлкөнү демократиялык жолдон чыгарууда деген сындар айтылууда.

Өлкөдөгү соңку парламенттик шайлоо саясий кризиске алып келип, күтүүсүз жерден бийлик алмашты. Президент отставкага кетип, шайлоо тыянактары жокко чыгарылды. Андан кийин Садыр Жапаров премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу болуп, бийликти бир колго кармады. Бийликтеги андан көз карандысыз жападан жалгыз орган - парламент эле. Алтынчы чакырылыштын депутаттары мөөнөтү бүтсө да ишин улантууда.

Эми С.Жапаровдун демилгеси менен өлкөнүн Баш мыйзамын онунчу ирет өзгөрткөнү жатышат. Бул анын өлкө башында турган 31 күнүндөгү негизги саясий реформасы. 14-ноябрда президенттик шайлоого талапкер болуп катыша турганына байланыштуу президенттин милдетин аткарууну токтотконун билдирген.

Конституциясынын жаңы редакциясынын долбоору коомчулуктун талкусуна сунушталып, бир ай мөөнөт берилди. Андан кийин парламент аны референдумга алып чыгат. Авторлор референдумду президенттик шайлоо дайындалган 2021-жылдын 10-январында өткөрүүнү сунуштады.

Жапаровдун реформасынын мааниси эмне?

Конституциясынын жаңы редакциясынын долбоору жабык эшик артында даярдалды. Бирок Жапаров буга чейин эле бир нече ирет анын долбоору даяр болуп калганын билдиргени бар. Кыргызстандыктар долбоордун авторлорун жана кандай өзгөрүүлөр кирип жатканы тууралуу кабардар болгон жок. Көрсө, долбоордун демилгечилери Жогорку Кеңештин 80 депутаты болгон экен.

Садыр Жапаров жана анын "Мекенчил" партиясынын негизги демилгеси - парламенттик-президенттик башкаруу формасын таза эле президенттикке өзгөртүү. 51 жаштагы С.Жапаров парламентаризм жана партиялык система " өзүн дискредитациялады" деп эсептейт. 

Эгемендүү Кыргызстандын Конституциясы эки жылдык талкуудан соң 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Ошондон бери 29 жыл ичинде аны тогуз жолу өзгөртүштү. Анын бешөө Аскар Акаевдин бийлиги учурунда болгон. 

2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан кийин референдум аркылуу парламенттик башкаруу формасын тандап алышкан жана 2020-жылга чейин Баш мыйзамды өзгөртүүгө мораторий киргизилген. Буга карабастан 2016-жылы декабрда кезектеги референдум өтүп, кайра эле өзгөрүүгө учурады. 

Өлкө парламенти партиялык тизме менен келген 120 депутаттан турат. Буга чейин партиялар парламентке өтүш үчүн жалпы шайлоочулардын жети пайызынан кем эмес добушун алышы керек эле. Ушул жылдын 5-6-октябрындагы толкундоолордон кийин пайыздык босого чек үч пайызга түштү. 

Сунушталган Конституциясынын жаңы редакциясынын долбооруна ылайык, президент өкмөт мүчөлөрүн, аткаруу бийлигиндеги жетекчилерди дайындайт жана кызматтан алат. Ошондой эле мыйзам долбоорлорун сунуштайт. Мындай болгондо аткаруу бийлиги президенттин колуна толук өтөт жана өкмөт ага баш ийет.

Авторлор парламенттин аралаш түрүн - мажоритардык жана пропорционалдык шайлоо аркылуу келишин сунуштайт. Депутаттардын санын 120дан 90го азайтуу керек деп жатышат.

Октябрдагы тополоңдон кийин парламент Садыр Жапаровду жаңы премьер-министр катары дайындап, ага президенттин милдетин аткарууну тапшырган.

Парламент менен президенттин ишмердигин Элдик курултай көзөмөлдөйт деп жазылган. Долбоордо курултайды жогорку кеңеш берүүчү жана координациялай турган орган, элдик бийлик катары көрсөтүшкөн. Элдик курултай президенттин, парламент спикеринин, курултай төрагасынын отчетун алат. Борбор Азиянын бир дагы мамлекетинде мындай бийлик институту жок.

Долбоордо "Кыргыз Республикасында жалпы таанылган ыймандык баалуулуктарга, Кыргызстан элинин каада-салттарына, ошондой эле эл аралык стандарттарга карама-каршы келген басылмаларга, анын ичинде электрондук басылмаларга, оюн-зоокторго жана коомдук иш-чараларга тыюу салынат" деген берене дагы сунушталды. Көптөр муну көз карандысыз ЖМКларды оздуктоо катары сынга алууда.

Реформаны жактагандар менен каршы чыккандар

С.Жапаровдун Конституцияны кайра өзгөртүү аракетине кыргыз коомчулугунда түрдүү пикирлер айтылып жатат. Жапаровдун тарапташтары президенттик башкаруу формасын артка кайтарууну - бийликке жоопкерчиликти берүүнүн жалгыз айласы катары көрөт.

"Кыргызстандагы толук ишке ашпаган парламентаризм жана ыплас шайлоолор элдин нааразылыгына себеп болду. 2005-2010-жылдардагы мамлекеттик төңкөрүштөр учурунда эл кайсыл бир конкреттүү кишини коррупция боюнча айыптап чыкса, "Акаев кетсин!" же "Бакиев кетсин!" деген чакырыктар менен, азыр эми парламент жана бийлик институттарындагы чачкындыктан улам кимди күнөөлөштү билбейсиң. Ошондуктан президенттик башкарууга кайтуу - карпайым жарандар үчүн жоопкерчиликтүү кишини дайындоо аракети катары кабыл алынууда",-дейт изилдөөчү, саясат таануу илимдеринин доктору Асель Дөөлөткелдиева.

Аны пикирине эксперт Женнифер Муртазашвили дагы кошулат. Парламенттин чабалдыгынан өлкөдө 10 жыл ичинде 10 премьер-министр алмашты, деди ал.

С.Жапаровду сынга алып жаткандар болсо, аны парламентаризмди жок кылууда деп айыптоодо.

Юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева "Фейсбук" баракчасына Конституциясынын жаңы редакциясынын долбоору түз эле авторитаризмге алып барат деп жазды. Мындай пикирди өлкөдөгү бир катар юристтер айтып жатышат. Анан калса реформанын жабык эшик артында каралып жатышы дагы көптөрдү нааразы кылды. Ошондуктан аны мыйзамсыз, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын мөөнөтү бүткөн, азыркы депутаттар конституциялык реформа жасоого укугу жок дешүүдө.

Элдик курултай демократиянын кепилдиги эмеспи?

Жапаров күчтүү демократиялык институт болгон парламенттен кутулууну көздөп жатат дейт аны сындагандар. Мунун далили катары Элдик курултай тууралуу сунушту мисал тартышууда.

"Мындай органды шайлоонун парламент сыяктуу так процедурасы жана так нормалары көрсөтүлгөн эмес. Курултайга президенттин багытын колдогон жергиликтүү деңгээлдеги акчалуу жана мартабалуу кишилер кириши турган кеп. Мындайча айтканда, өтө чабал институт болуп, президентке баш ийип калат",-деп эсептейт С.Токтогазиева.

"Бизде буга коңшулар мисал, Нурсултан Назарбаев элдик ассамблея түзүп, анын жардамы менен Казакстандагы биринчи күчтүү парламентти тараткан. Мындай жол менен президенттик башкаруу формасын чыңдап, "чөнтөк парламентти" алып келди. Курултай деле ошол сыяктуу эле эч кимге отчет бербеген, ким тарабынан шайланганы белгисиз болгон орган".

Мындан кийин кандай болот?

Саясат таануучулар жана юристтердин баары эле Кыргызстанда парламентаризм али калыптана элек болчу деген пикирге макул. Көп учурда депутаттык креслону өзүнүн бизнесин коргоо максаты менен келген ишкерлер ээлеп алуу күчөгөн. Мунун өзү парламенттеги олигархизацияны жаратты. Андан сырткары Кыргызстанда парламентаризм болгону менен күч түзүмдөрү, прокуратура жана сот тутуму прзиденттин көзөмөлүндө калган.

Кантсе дагы парламент аркылуу президентке теңсалмак болуп, аялдар жана жаштардын, улуттук азчылыктардын кызыкчылыгын сакталып келди.Ошондуктан көпчүлүк эксперттер президенттик башкаруу формасына кайтуу - авторитаризм менен диктатурага алып барат деп чочулап турушат.

"Бийликтин бир колго топтолушу - коррупциянын гүлдөшүнө жана бийликтеги кландык структураны жаратып, жыйынтыгы төңкөрүшкө алып келерин тарых көрсөттү. Кыргызстанда кандай гана президенттик система болбосун иш жүзүндө суперпрезиденттик башкарууга айланган. Тарыхый катачылыкты кайра кайталоо - Кыргызстанды кайрадан мамлекеттик төңкөрүш капканына чабылуу коркунучуна түртөт",-дейт эксперт Сания Токтогазиева. 

Источник: Кыргызская служба Би-Би-Си