Канат Исаев: “6-чакырылыштын депутаттары тарашы керек…”

Бүгүн 19-ноябрда Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, депутат Канат Исаев маалымат жыйын өткөрүп,  азыркы 6-чакырылыштын депутаттары катышкан конституциялык реформа жүргүзүү, лигитимсиз жана кылмыштуу болуп калышы ыктымал экендигин билдирди.

 Исаевдин айтымында, бүгүнкү күндө коомчулукта жаңы Конституция жана аны сунуштоонун формасы боюнча чоң талаш-тартыш болуп жатат.

“Депутаттар бул редакция менен тааныш эмес. Конституциялык мөөнөттөр сактала элек. Эгерде Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилсе, атайлап жана шашылбастан  жасалышы керек. Азыр андай болбой жатат”, деди Канат Исаев

Парламенттин мурдагы төрагасы ошондой эле президенттик башкарууга жана бир мандаттуу округдардагы  шайлоолорго каршы экендигин кошумчалады. Депутат баш мыйзамды оңдоонун кажети жок деп эсептейт.

Исаев белгилегендей, 6-чакырылыштын депутаттары таркатып, жаңы парламенттик шайлоону өткөрүү керек.

Источник: fakt.kg