Жаңы Конституцияда президенттин мөөнөтү кыргыз жана орус тилинде бирдей жазылган эмес

Баракелде -  Жогорку Кеңеш кечээ, 17-ноябрда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн референдумду 2021-жылдын 10-январына дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Бирок Конституциянын жаңы долбоорунун кыргыз жана орус тилиндеги редакциясында президенттин мөөнөтүнө байланыштуу олуттуу ката кетирилген. Тактап айтканда орус тилиндеги редакциясында бир адам эки гана жолу президент болуп шайлана алат деп жазылса, кыргыз тилиндеги редакциясында бир адам эки жолу президент болуп шайлана албайт деп жазылган.

 

Источник: Баракелде