Ташиев экөөбүздү уруштуралы деген күчтөр бар, - Жапаров

Баракелде -  Камчыбек Ташиев экөөбүздү уруштуруп, ажыраштырып, достугун бузсак бийликке жетебиз деген күчтөр бар. Биздин башыбыздан далай нерселер өткөн, 15 жылдан бери бири-бирибизди жакшы билебиз, деди Садыр Жапаров «Регион» телеканалына Ташиевдин социалдык баракчасындагы «Садырды камайм» деп жазылган убадасы боюнча оюн айтып жатып.

«Хакер Камчыбек Ташиевдин жеке баракчасына кирип, ошентип жазып, 15 мүнөттөн кийин чыгып кетиптир. Аны кайсы баракчадан киргенин таап алса болот. Бирок менин ага убактым жок. Мен көрүп эле күлүп койдум, "хакерлер бузуп кирип, жазып чыгып кетсе керек" деп. Эртеси Камчыбек Ташиев келди. Карасак 15 мүнөт кирип, анан чыгып кетиптир.

Биздин мамиле жакшы. Экөөбүздү уруштуруп, ажыраштырып бузсак бийликке жетебиз деген күчтөр бар. Биздин башыбыздан далай нерселер өткөн, 15 жылдан бери бири-бирибизди жакшы билебиз. Мындайларга моюн бербейбиз», - деди ал.

 

Источник: Баракелде