Баракелде - Төрага кете элек. Арызын берди. Балким башка фракциялардан сунуштар болот. Төраганы шашпай шайлайлы, деди Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөп жатып.
«Өзүбүздү өзүбүз сыйлабайлыбы! Төрага кете элек. Арызын берди. Аны кечинде түндөсү эле кетирип, ордуна түндөсү эле башканы коюп, талапкер сунуш кылып жатабыз. Анан «чимкириктен» да төмөн түшүп кетпейли да. Боло турган иш шашпасаңар да, бир, эки сааттан кийин болсо да болот. Адам кетелек «бейнеси ысык» деп коёт го кыргызда. Балким башка фракциядан сунуштар болот. Шаштырбайлы», - деди Текебаев.