Шайиста Шатманова кызматынан алынып, ордуна башка директор дайындалды

30 октября 2020
Версия для печати

Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору Шатманова Шайиста Рахманбердиевна  ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров кол койду. 

Садыр Жапаровдун башка жарлыгы менен Эрлан Догдурбеков Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору болуп дайындалды.

Источник: fakt.kg