Кыргызстанда 15 партия биригип «Үмүт» саясий кыймылын түзүштү. Алар азыркы бийликке бир нече талаптарды коюшту.
«Үмүт» саясий кыймылы парламенттик шайлоону жылдыруу мыйзамсыз экенин айтышууда.
Коюлган талаптар:
-Парламенттик шайлоону 20-декабрда өткөрүү;
-Шайлоо босогосун, күрөөнү төмөндөтүү жана форма-2 менен каттоону токтотуу боюнча мыйзам долбооруна президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун кол коюшу;
-4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо мыйзам бузууларга жол берген ИИМ, прокуратура органдарынын кызматкерлерин жоопко тартуу;
-Борбордук шайлоо комиссиясына кысым көрсөтүүнү токтотуу;
-Азыркы парламенттин иштөө мөөнөтү бүткөндүктөн тарап кетишин талап кылуу;
«Үмүт» саясий кыймылына кирген партиялар — «Бүтүн Кыргызстан», «Мекен ынтымагы», «Реформа», «Социал-демократтар», «Замандаш», “Жашылдар” партиялары жана «Калыс» кыймылы. Баардыгы болуп 15 партия.