Вице-премьер-министр Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү жөнүндө…

28 октября 2020
Версия для печати

Вице-премьер-министр Равшан Сабиров кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланышы бар деген кептерди  четке какты. Бул тууралуу ал Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында журналистерге билдирди.


Сабировдун айтымында, ал чындыгында эле мыйзамдагы ууру менен бир эле колонияда жаза өтөгөн, бирок абактан чыккандан кийин аны көргөн эмес жана байланышкан жок.

“Мен № 47 колонияда болчумун. Ошол учурда биз спортко активдүү катышып, баардыгын чакырып, футболдук команда түзүп, шахмат жана волейбол ойночубуз. Абактан бошоп чыккандан кийин мен Камчы Көлбаев же болбосо ага караштуу адамдардын бири менен дагы байланышкан жокмун. Мен анын камалышын, бул укук коргоо органдарынын иши деп айта алам”,- деди вице-премьер-министр.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармакта Равшан Сабиров жана мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөру менен түшкөн сүрөттөрү жарыяланган.

Источник: fakt.kg