К.Көлбаев бүгүн-эртең бошотулушу мүмкүн, - Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы

27 октября 2020
Версия для печати

Баракелде -  Камчы Көлбаев сот тарабынан бүгүн-эртең бошотулушу мүмкүн, деген пикирин Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев бүгүн, 27-октябрда АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында айтты.

Ошондой эле оперативдүү маалыматтар боюнча, криминал менен жаңы бийликтин ортосунда макулдашуу бар экенин билдирди. Анын айтымында, криминалдарга каршы жүргүзүлгөн иш театралдаштырылган шоу.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун кармалышын буга мисал келтирди.

«Ал кайсы кылмыш иш боюнча кармалды? Кылмыш ишти ким козгоп, ким тергөө жүргүздү? 2 млрд сомдук чыгым кайдан чыкты? Эмне үчүн Жапаров аны бошотууну чечти? Ал тергөөчүбү?», - деди Дүйшөбаев.

Источник: Баракелде