“ЧИМКИРИКТЕРГЕ” ким кепилдик бере алат…

26 октября 2020
Версия для печати

Жогорку Кеңештин азыркы депутаттары кийинки шайлоого чейин бекер иштеп беребиз деп макулдугун берип жатышат. Бекер иштеген жакшы деңизчи, бирок, бекер нерсе качан эле болчу эле. Кээбир жарандарыбыз бекер иштейт экен, макул иштей беришсин деп жатышат.

Депутаттар буга чейин кандай чечимдерди кабыл алып келгенин билебиз да. Мисалыга алсак, ун ташыган 3 бизнесмен үчүн атайын мыйзам кабыл алып салыктан бошотуп коюшбады беле. Мунун айынан мамлекеттин казынасына канчалаган миллион сом түшпөй жатат. Мына, алты ай бекер иштебей эле өздөрүрнүн кызыкчылыгын жогору коюп, мамлекеттин казнасына дагы зыян келтирген мыйзамдарды кабыл алышса эмне болот. Бул “ЧИМКИРИКТЕРГЕ” ким кепилдик бере алат. Булардын бекер иштеп бергенинен көрө, таратып салыш керек. Мамлекет үчүн да коопсуз болуп турат эле. Башкасын айтпай эле, акыркы 6-октябрдан бери кылган кылыктары кырктан ашып кетти. Булар жок дегенде мыйзам боюнча иш алып барганда, бүгүнкү талкуу жартып жаткан шайлоолор боюнча маселе жаралбайт эле. Эми, эл аралык коомчулук биздин өлкөнүн бийлигин канча убакта тааныйт, маселе ошол жакта болуп калды.

Источник: fakt.kg