Баракелде - Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Балбак Түлөбаев башка кызматка которула турганы айтылган. Өзү АКИpress агенттигине учурда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен жолугушууга бара жатканын айтты.
«Садыр Жапаров менен жолугушуп, ошондо чечебиз. Ал чакыргандыктан азыр бара жатам», - деди Б.Түлөбаев.
Айрым маалыматтар боюнча, ага Президенттик аппараттан кызмат сунушталган.