Камчы Көлбаев УКМКга жеткирилди. Сүрөт

22 октября 2020
Версия для печати

Баракелде -  Камчы Көлбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда АКИpress агенттигине күч органдарындагы өздүк булактары билдирди.

Алдын ала маалыматка караганда, Көлбаевди алып кетүү үчүн «Avangard» спорт клубуна барышкан. Социалдык тармактарда Көлбаевди атайын аскер кызматкерлери алып чыгып бара жаткан сүрөттөр тарады.

 

  

Аталган спорт клубдун администрациясы бул окуя боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.

Ал эми УКМКнын басма сөз кызматынан толук маалыматты кийинчерээк беришерин билдиришти.

«Тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө», - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Источник: Баракелде