«Унчукпай отурсаңыз тааныбай жатабыз»: Текебаев Сулаймановдун таң калуусуна «катуу» жооп берди

22 октября 2020
Версия для печати

Баракелде -  Бүгүн, 21-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин сессиясы өтүп жатат. Жыйында депутаттар бир саттан ашык убакыт күн тартибин беките албай жатышты.

Алар күн тартибиндеги үчүнчү жана төртүнчү маселелер боюнча талашып-тартышып жатышат. Биринчиси — президенттик шайлоо күнүн дайындоо, экинчиси — Алтынбек Сулайманов сунуштап жаткан шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү.

Айрым депутаттар күн тартибине каршы болуп, күн тартибинин долбоору фракцияларда талкууланбаганын жана Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланбаганын айтып жатышат.

Жыйындын жүрүшүндө бир нече жолу сөз сүйлөгөн Алтынбек Сулайманов жакында эле депутаттык мандатын алган Өмүрбек Текебаевге кайрылды.

«Бул жерде бир фамилияны айткым келип жатат. Өмүрбек Чиркешович, сиз Конституциянын атасысыз, парламенттин аксакалдарынын катарын толуктап калдыңыз, бул жерде сиздин инилериңиз – биз талашып жатабыз. Ушул жерде сизди тааныбай жатабыз, унчукпай отурганыңыздан. Сиз бир-эки ооз сөз айтышыңыз керек, "балдар, андай эмес мындай, талашып жатасыңар, бирок жолу ушундай" деген сөздү күтүп жатабыз. Кечээ мандат алып келгениңизде баары кубанбаса да, кубангандардын бири менмин. Бул жерде сиздин үнүңүздү уккум келип жатат», - деди Сулайманов.

Өмүрбек Текебаев бүгүн сүйлөбөй эле коюуну чечкенин, бирок түз суроо берилгенден кийин жооп бербей коюуга болбой турганын айтты.

«Мен кыргыз саясатчыларын коён жатагына чейин билем. Ким эмне үчүн сүйлөп жатат, ким эмне үчүн сүйлөбөй жатат, аны да билем, мен эле эмес, ар бириңер билип калдыңар. Жакшы ниет, жакшы максатта айтып жатканы менен, эмне каалап турганын баарыбыз жакшы билебиз. Фамилия боюнча анын каалоолорунун тизмесин айтып бер десеңер, аны да айтып берем. Бирок мен азыр муну айткым келип жатат. Урматтуу төрага, депутаттар ант бергенден кийин ыйгарым укугуна киришет. Азыр эки кесиптешибиз ант бергени турат. Президент ант бергенден кийин ыйгарым укугуна киришет. Ага чейин аны аткара албайт. Соттор ант бергенден кийин сот болуп эсептелет. Ант бергенге чейин андай бийик, жооптуу кызмат эч кимге берилбейт. Өкмөт кечиктирилбестен 2 жуманын ичинде ант берсин деп Конституцияда жазылып турат. Ушундай жооптуу кезде өкмөт эмне үчүн Конституцияга колун коюп, элдин алдында ант берген жок? Мен так ошондой башташыбыз керек деп эсептейм. Ант – бул, биздин президенттер айтмакчы, ыйык нерсе.

Биз бүгүн оор кырдаалда мыйзамда эмне жазылса ошону аткарышыбыз керек. Бизге болуп көрбөгөндөй түркмөндөр акыл үйрөттү. Борбордук Азиянын 5 өлкөсү бизге кайрылды, "кыргыз туугандар, жаңдалдан чыгабыз десеңер, жаманбы, жакшыбы, Конституцияда кабыл алынган тартипти сактагыла" деди. Ошол боюнча бийликти түптөгүлө деди. Биз үчүн силердин тычтыгыңар маанилүү деп түркмөндөр айтып жатат. Бүт дүнүйө айтты.

Биз азыр ушул эрежелер менен кетсек, эч ким, уткан тарап да, утулган тарапта да «кыңк» эте албайт. Бүгүн биз президенттик шайлоону даярдашыбыз керек. Депутаттар дайындай албай калса автоматтык түрдө сегизинчи күнү шайлоо жарыяланат, БШК графигин түзүп, ишти баштайт деп айтылып турат. Азыр биз талашып, кетип кала турган болсок, эртең БШК ишин баштаганы турат. Биз депутаттар уят болобуз да, ушул маселени чечип бере албай калганыбызга.

Эки көз караш турат. Шайлоону өз мөөнөтүндө өткөрүп, жаңы келген депутаттар элге берген убадасын аткарып, ким утуп келсе Конституциялык реформаны баштай берсин. Экинчиси — шайлоону өткөрбөй, ар кандай шылтоо менен үзгүлтүккө учуратып, Конституцияны уруп ойнобойлу, элдин талабы дегенге жамынып, накта президенттик бийлик формасын жасайлы деген. Мен силерге гарантия менен айтам, бул күндөр да өтөт, президенттик шайлоо болот. Эгерде ошол система өтө турган болсо, бизде Өзбекстан же Казакстан эмес, Түркмөнстан болот. Мына азыр биз мүнөзүбүз менен сыймыктанабыз, көз каранды эмес биздин депутаттар, талашабыз дейбиз. Эгерде ошондой тартип келе турган болсо, Түркмөнстандын парламентиндей болуп жүгүнүп туруп кол чаап турасыңар. Бар арабызда, жүгүнүп туруп, кол чаап тургандар. Келет ал. Келе жатат, каалоочулар айтып жатат. Тандагыла, эл-журт, парламент. Эки жол бар», - деди Текебаев.

Видео

Источник: Баракелде