Садыр Жапаров Жээнбеков кантип кеткендигин айтып берди

21 октября 2020
Версия для печати

Президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров чет элдик телеканалдардын бирине маек берип жатып экс- президент Сооронбай Жээнбековду отставкага кетирүү үчүн эч ким коркутпаганын айтып берди.

Журналисттин  “Сизди бийликти коркутуу жолу менен басып алды деп айыптап жатышат, буга кандай жооп бересиз?” деген суроосуна Жапаров жооп берди.

“Мени бийликке коркутуу жолу менен келди деген туура эмес. Эгер андай жолго барганыбызда, жок болуп кеткен Жээнбеков кайра келмек эмес. Биз аны чакырып “келиңиз, баарын укуктук талаада чечели, бирок өлкөнү мындан ары башкарууга моралдык укугуңуз жок” дедик. Анын колу-бутун эч ким кайрыган жок. Бардыгы сүйлөшүү жолу менен болду”, -деди Садыр Жапаров.

Источник: fakt.kg