Садыр Жапаров Атамбаевдин кылмыштарын айтып берди

21 октября 2020
Версия для печати

Алмазбек Атамбаев кылмыш жасагандыгы үчүн абакта отурат. Бул тууралуу Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров чет өлкөлүк телеканалдардын бирине берген маегинде билдирди.

Журналисттин “Сизди тарапташтарыңыз абактан алып чыккандан кийин өкмөт башчы болдуңуз, Атамбаевди да сиз чыккан күнүн тарапташтары алып чыкты, ал эмнеге кайрадан абакка кирди?”,-деген суроосуна  Жапаров жооп берди.

 “Кыргызстандын 100 пайыз эли мен саясий куугунтук болуп каммакта отруганымды билет. Мен чет өлкөдө жүргөндө жасалган кылмыш ишин мага тагып коюшту, Караколдо губернатор менен тургундардын ортосунда чыр чыкканда мен чет өлкөдө жүргөнмүн. Мен 2017-жылы Кыргызстанга кайтып келгенде Атамбаев мени башаламдыктардын уюштуруучусу деп каммака отургузду. Атамбаев өзү болсо кримтөбөл Батукаевди абактан чыгаргандыгы үчүн, Кош-Таш окуясында аскер кызматкерин аткандыгы үчүн соттолгон. Ал бийликти күч менен басып алууга аракет кылгандыгы үчүн кармалды. Менде күнөөм жок, аны соттор да, прокурорлор да билишет”,-деп билдирди Садыр Жапаров.

Источник: fakt.kg