Жогорку сот Мелис Мырзакматовдун иши боюнча өкүмдү күчүндө калтырды

20 октября 2020
Версия для печати

Turmush -  Жогорку сот Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов жөнүндөгү Ош шаардык жана Ош облустук сотторунун өкүмдөрүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты.

«19-октябрда Жогорку сотто М.Мырзакматов жөнүндөгү Ош шаардык сотунун 2020-жылдын 15-октябрындагы жана Ош облустук сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2020-жылдын 16-октябрындагы өкүмдөрүнө карата Ош шаардык прокуратурасы тарабынан келтирилген кассациялык сунуштун негизинде жазык иши каралды. Жогорку соттун токтому менен М.Мырзакматов жөнүндөгү Ош шаардык сотунун 2020-жылдын 15-октябрындагы жана Ош облустук сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2020-жылдын 16-октябрындагы өкүмдөрү күчүндө калтырылды. Ош шаардык прокуратурасынын кассациялык сунушу канааттандыруусуз калтырылды», - деп айтылат маалыматта.

- - - - - - - - - - - -

Буга чейин Жогорку соттун коллегиясы Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун иши боюнча соттун чечимдерин жокко чыгарганы белгилүү болгон. Чечим 8-октябрда кабыл алынган.

Өкүмгө ылайык Мырзакматов боюнча мурдагы инстанциялардагы чечимдер жокко чыгарылды. Материалдар кайра кароо үчүн биринчи инстанциядагы сотко жөнөтүлгөн.

М.Мырзакматовдун жактоочулары Жогорку сотко кассациялык даттануу менен кайрылышкан. Жактоочулар кылмыштын курамы жок болгондуктан ага карата актоо чечимин чыгарып, Ош шаардык соту менен Ош облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарууну суранышкан. Кассациялык даттанууларды кароо боюнча Жогорку соттун отуруму бир нече жолу жылдырылып келген.

М.Мырзакматов Ош шаардык соту тарабынан 2015-жылдын 22-июлунда Кылмыш кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айыптуу деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 7 жылга кесилген. Ош облустук сотунун 2015-жылдын 17-августтагы чечими менен шаардык соттун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.

Кийин Мелис Мырзакматовго журналисттердин бирине маек берип жатып, ага козголгон кылмыш иш кыскартылып, актоо боюнча чечим чыкканын айткан.

Анын айтымында, Жогорку сот тарабынан акталган. Себеби ага карата козголгон иштери саясий чечимдер болгон.

«Саясий чечим деп туура айттыңыз. Соттун өкүмдөрү 1 күндө, заматта бычыгы чыкты. Кудай буйрйса ошол Ош шаардык сотунда, Ош облустук сотунда, Жогорку сотто менин ишим толук акталып, мыйзамдуу күчүнө кирди. Бир заматта ошол жомок талкаланып, ордуна келди», - деген Мырзакматов.

Видео

Источник: Turmush