"Кадрлар баарын чечет": Жаңылануу, люстрация идеялары ишке ашабы?

Автор: Элеонора Сагындык кызы, корреспондент Би-Би-Си в Бишкеке
BBC. Кыргыз кызматы BBC. Кыргыз кызматы
20 октября 2020
Версия для печати

Кыргызстанда жаңы өкмөттүн жаңы кызматтык дайындоолору коомчулукта дароо эле сынга алынууда. Жалал-Абад облусуна өкмөттүн өклү болуп жаңы дайындалган Абсаттар Сыргабаев Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы экени, ал эми Ошко дайындалган өкмөт өкүлү Жарасул Абдураимовдун жашы өйдөлөп калганы коомдук сайттарда кызуу талкууланууда.

Садыр Жапаров бийликке келгени кыргыз өкмөтүнүн курамы 70% жаңырды. Күн сайын олуттуу кадрдык дайындоолор жүрүп, алардын айрымдары коомчулукта суроо жаратууда.

"Кадрлар баарын чечет. Соңку кадрдык дайындоолор компромисс менен жүрүп жаткандай болуп жатат. Эски бийликтен, моралдык укугу жоктор, Садыр Жапаровду сүрөгөн топтор жана популисттер келип атат. Мисалы, айыл чарба министри Чодуев, мурда жыйынтык көрсөткөн эмес да. Анда эмнеге калды? Улукбек Кочкоров жана Аида Исмаилова шайлоодо "Биримдик" партиясын сүрөп, аягы ыңкылап менен бүтпөдүбү. Мындай адамдардын мурдагы кызмат ордун кайрадан ээлеп отурушу Садыр Жапаровдун бийлиги үчүн бул чоң моралдык сокку. Кесибинен ылайык эмес дайындоолор болууда. Нуржигит Кадырбеков маданият министрли болду, ал "Ыйман" фондунан келбеди беле. Жупуну тил менен айтканда бул адам даваатчы да. Маданият тармагында маданиятты түшүнгөн кесипкөй адам жок калдыбы деген суроо жаралат. Ошол эле Камчыбек Ташиевдин УКМКга барып калышы, ал жер жөнөкөй орган эмес да", - дейт саясат талдоочу Нурбек Муктар.

К.Боронов баштаган эски өкмөт курамынан алты чиновник гана кызмат ордун сактап калышты. Алар вице-премьер-министр (Аида Исмаилова), юстиция министри Марат Жаманкулов, экономика министри Санжар Мукамбетов, айыл чарба министри Эркинбек Чодуев, эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, Маалыматтык технология жана байланыш боюнча мамкомитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов.

Өкмөт башчы эле эмес, президенттин да ыйгарым укуктарына ээ болгон Садыр Жапаров кадрдык саясат жүргүзүүдө, биринчи кезекте кесипкөйлүккө басым жасарын буга чейин айткан эле.

"Президенттик аппаратка жаңы команданы алып келбейм, арасынан ишин тартай албай жаткан кадрларды гана алмаштырам, эгер кесипкөй кадрлар болсо калганын калтырам. Тигини же мунун кадры деген бизде болбошу керек. Бул мамлекеттик иш, ошондой мамиле кылуубуз керек. Жеке менчик ишканадай карабашыбыз керек. Туура, люстрация болушу керек. Аны жасайбыз ".

Ал ортодо Жогорку Кеңештин аппаратынын төрага орун басары болуп отуз жылдан бери иштеп келе жаткан Сүйүнбек Касмамбетов президенттик аппараттын башчысы катары бекиди.

Садыр Жапаров жетектеген жаңы өкмөт курамындагы аткаминерлердин орточо жаш курагы 44,2. Салыштыруу ирээтинде, Бороновдун командасындагы чиновниктердин орточо жаш курагы 46,1 эле.

Ошентсе да шайлоодон кийинки жаштардын жаңылануу, люстрация идеяларына соңку кадрдык саясат канчалык төп келет?

"Садыр Жапаровдун кадрдык дайындоолорун байкасак, мурункулардан өтө деле айырмаланчу жери жок. Баягы, эски элитанын эле оюндары, ыкмалары байкалып жаткандай. Ошол эле кадрлардан туруп жатат. Элдин жаш, иш билги, билимдүү, жаңы технологияларды билген адамдарды мамлекеттик башкарууга алып келсе деген үмүтү бар болчу. Азыркы кадрдык дайындоолордон өз кландарын, командасын бекемдөө максатында эле иш алып барып жатканы көрүнүп жатат. Мурунку тырмоочту кайра-кайра басып атабыз. Люстрация реалдуу нерсе, бирок ага аткаруучулар даяр эмес го",- деди жаш саясатчы Ренат Самудинов.

Ал Жапаровдун командасында мурда-кийин коррупцияга шектелген адамдардын болушуна көңүл бурду:

"Таза, кынтыксыз репутациялуу адамдарды чогултпай, шектүүлөрду чогултуп жатышы кооптондурат. Экинчиден, митингге чыккандарды колдоо үчун криминалдык элементтер да жүргөнү байкалды. Ал да кооптуу суроолорду туудуруп жатат".

Эгемендик жылдарында Кыргызстандын ыраттуу кадр саясаты калыптанган жок дешет талдоочулар. Үч жолу ыңкылап жолу менен бийлик алмашса дагы, кадрдык система ошол бойдон калып, улам бир өкмөт келип-кеткен менен, анын курамы мурункулардан эле туруп жатат.

"Перспектива" аналитикалык консорциумунун жетекчиси Валентин Богатырев буга чейин өткөн талкуулардын биринде кадр саясатын аныктоочу Кыргызстанга мүнөздүү төрт факторду белгилеген эле: регионалдык-кландык, саясий, кесипкөйлүк жана квоталык.

Өлкөдө 2010-жылга чейин кадрдык саясатта регионалдык-кландык фактор негизги ролду ойноп, бирок ал Атамбаевдин тушунда бир аз күчүн жоготкондой болду. Бирок соңку кезде кадрларды дайындоодо саясий соодалашуу фактору алдыга чыгып, кесипкөйлүк дагы деле негизги фактор боло албай жаткандыгы байкалат.

Источник: Кыргызская служба Би-Би-Си