Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Франциядан башпаанек сурады деген маалымат тарады. Бул боюнча анын жактоочусу эмне дейт?

Автор: Бактыгуль Султаналиева
SUPER.KG SUPER.KG
19 октября 2020
Версия для печати

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Франциядан башпаанек сурады. Бул тууралуу мурда журналисттик кесипти аркалап келген Улугбек Бабакулов социалдык тармактагы баракчасында жазып чыкты.

Маалым болгондой, Улугбек Бабакулов учурда саясий качкын катары Францияда жашайт.

Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков жаза мөөнөтүн өтөп жаткан мекемеге келбегенин билдирди.

Буга байланыштуу Исаковдун жактоочусу Замир Жоошевге байланышканыбызда, мурдагы өкмөт башчынын Франциядан башпаанек сураганы тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. Ошондой эле жактоочу учурда Сапар Исаков кайсы жакта экенин да билбейт экенин айтты.

Эске салсак, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү митингге чыккан адамдар тарабынан түзөтүү мекемесинен бошотулган. Жактоочулар Исаковдун кыска мөөнөттүү өргүүнүн негизинде үй камагына чыкканын билдиришкен.

Буга чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында соттолгон Салайдин Авазов, Дамир Мусакеев, Райкан Төлөгөнов, Айбек Калиев түзөтүү мекемелерине кайтышкан.
 

Источник: super.kg