Раим Матраимовдун жакын чөйрөсүнө кирген 40тай киши аныкталды, - УКМК бажыдагы коррупция тууралуу

19 октября 2020
Версия для печати

Баракелде -  Бажы органдарындагы коррупцияга тиешеси бар адамдардын тобу белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Учурда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимов жана Бажы кызматындагы башка кызмат адамдарынын тиешеси бар коррупциялык иштер боюнча тергөө уланууда», - деп айтылат маалыматта.

Тергөө органдары тарабынан Раим Матраимовдун жакын чөйрөсүнө кирген жана коррупциялык схемага аралашкан 40ка жакын адам аныкталды. Учурда алардын жүргөн жери белгисиз болууда.

Ошондой эле сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Бажы кызматынын ишмердүүлүгүн текшерүү, мамлекеттин бюджетине келтирилген зыянды жана башка жоопкерчиликке тартыла турчу адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иштери жүрүүдө.

Источник: Баракелде