Садыр Жапаровдун президент отставкага кетип жаткан жыйында сүйлөгөн сөзү

16 октября 2020
Версия для печати

Баракелде -  Бүгүн, 16-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Ага отставкага кетип жаткан президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Садыр Жапаров катышууда.

Сооронбай Жээнбеков сүйлөп бүткөндөн кийин сөз кезегин Садыр Жапаров алды.

«Бүгүн тарыхый учурга күбө болуп жатасыздар. 5-6-октябрда болгон окуяларда турукташтырууга аракеттерди жасабай, ар кимибиз үйдө жатып алганда бүгүн минтип сиздер менен отурбайт элек. Кудайга тобо, эч кандай мародерчулукка, басып алууларга алып барбай, мамлекетте үчүнчү жолу төңкөрүш болду деген сөздү калтырбай, ушундай тычтык жолу менен, мыйзамдуу жол менен бийлик алмашып жатканына миң мертебе ыраазы болушубуз керек. Мындан ары мага жүктөлгөн милдеттерди толук аткарууга, бардык күч аракетимди ички жана сырткы саясатка, мурда кандай келе жатса ошондой улантууга күч аракетимди жумшайм.», - деди Жапаров.

Ал кечирээк жалпы кыргызстандыктарга кайрылуу жасай турганын айтты.

Источник: Баракелде