Cалянова: Конституциялык реформа жөнүндө азыр сөз да болбошу керек

16 октября 2020
Версия для печати

Кыргызстанда кырдаалды жөнгө салыш үчүн тез арада таза шайлоо өткөрүү зарыл. Эч кандай конституциялык реформа жөнүндө азыр сөз да болбошу керек. Бул тууралуу мурдагы башкы прокурор Аида Салянова «Азаттыкка» комментарий берип жатып билдирди. Анын айтымында, президент кеткен учурда 28-октябрдан кийин анын ыйгарым укуктары премьер-министрге өтүшү мүмкүн.

«Ошондо сот бийлигин эсепке албаганда өлкөдө бир эле бийлик калат. Президенттин да, премьер-министрдин да ыйгарым укуктары бир адамга өтөт. Парламент ишин токтотот. Демократиянын кепилдиги болгон бийлик бутактарынын тен салмактуулугу түп-тамыры менен жок болот. Баланстын жоктугу узурпацияга алып келиши толук мүмкүн. Эки бийликке ээ болуп калуу - бул олчойгон бийлик эле эмес, эбегейсиз жоопкерчилик! Жарандык коомдун катуу көзөмөлү гана эки баштуу бийликке колдоо боло алат».

Саясатчы мындай кырдаалда референдум жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес деген пикирде.

«Референдумду парламент гана жарыялай алат. Бирок жарыялаш үчүн парламенттин колунда элдин элегинен өтүп келген долбоор болушу керек. Андай долбоор жок. Парламенттин колунан келе турган өзгөрүү - бул шайлоо босогосун үч пайызга түшүрүп, күрөөнү кескин азайтып, №2 форманы чектөө. Конституциялык реформадан да бүгүн ушул маанилүү», - деди Аида Салянова.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда саясий кризис курчуп турат. 15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетерин жарыялады. 14-октябрда мурдагы депутат, 6-октябрга караган түнкү тополоңдо тарапташтары түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка дайындалган. Бүгүн ал президенттин милдети аткаруучу болорун жарыялады.

Источник: Азаттык уналгысы