Канат Исаев эмне үчүн президенттин милдетин аткаруудан баш тартканын жарыялады

Автор: Жылдыз Джускембаева
SUPER.KG SUPER.KG
16 октября 2020
Версия для печати

Канат Исаев эмне үчүн президенттин милдетин аткаруудан баш тартканын жарыялады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Учурдагы коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу боюнча мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу органынын алдында турган эң маанилүү милдеттерди эске алып, мен өз күч-аракетимди түздөн-түз Жогорку Кеңеште иштөөгө топтоону чечтим.

Ошондой эле парламенттин алтынчы чакырылышынын мөөнөтү аяктап жаткандыгына байланыштуу мен өзүмдүн президенттин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга мүмкүн эмес деп эсептейм", - деп жазды ал.
 

Источник: super.kg